Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди – сүрөт

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди – сүрөт

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда Кыргызстанга  мамлекеттик визит менен келди. Аны  «Манас» эл аралык аэропортунан президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алганын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген. 

Мамлекеттик визиттин алкагында Касым-Жомарт Токаев президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. Ошондой эле Кыргызстан жана Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык Кеңешинин 5-жыйыны өтөт.  

Анын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Казакстандын президентинин мамлекеттик визитинин алкагында Сооронбай Жээнбеков жана Касым-Жомарт Токаев «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышат.

Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев 28-ноябрда Бишкекете боло турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.

 

Сүрөт: Султан Досалиев

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>