Казакстандын ЖОЖдорунда билим алуу үчүн 50 орун бөлүндү

Казакстандын ЖОЖдорунда билим алуу үчүн 50 орун бөлүндү

Казакстандын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн 50 бюджеттик орун берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-2024-окуу жылына карата Казакстандын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган Кыргызстандын  жарандарынын арасынан конкурстук тандоо жарыяланды.

“Казакстан Кыргызстандын жарандарына бакалавриат, магистратура жана резидентура программалары боюнча окуу үчүн 50 орун бөлөт. Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн системасында “2023-2024-окуу жылына Казакстандын ЖОЖдоруна кабыл алуу” бөлүмүнө катталып, керектүү документтерди 2023-жылдын 22-июну саат 23:59 чейин жүктөшү керек. Каттоо жана документтерди тапшыруу шарттары тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн “Жарыялар” бөлүмүн караңыз”, — деп айтылат маалыматта.

Эскертүү! Документтердин толук эмес пакетин камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четке кагылат!

Маанилүү! Транспорттук жана башка чыгымдар стипендиялык программанын катышуучулары өз алдынча каржылайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>