Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Балдар эс алуу үчүн Ысык-Көлгө эмес, Ташкентке кетип жатышат, – депутат
24.05.2023 | 10:39
Ысык-Көл облусунда балдар эс алуучу 100гө жакын жерлер сатылып кетиптир. Бул тууралуу 24-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов билдирди.
Анын айтымында, каражат мамлекеттик бюджетке дагы түшкөн эмес.
“Биздин балдар каникулга чыкканда Ташкентке, Алматага, Астанага барып эс алып келели деп калышты. Эмне үчүн Ысык-Көлгө, Жалал-Абадга, Арстанбапка же Сары-Челекке баралы дешпейт? Профсоюздар федерациясы балдар эс алуучу жерлерди жеке менчикке сатып жиберишиптир. Ошону дагы иштете турган адамдарга бериши керек эле. Биз барып көрүп келдик, аткана болуп калыптыр” – деди депутат.
Айбек Осмонов бул боюнча тишелүү жетекчилер жооп бериши керектигин айтып, протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом