ӨКМ эскертет: 23–25-октябрь күндөрү айрым аймактарда үшүк жүрөтБишкекте өспүрүм эки жол кырсыгына себепкер болду, жабыркагандар бар — видеоКаракол шаарынын кире беришиндеги жол оңдолот«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылдыБишкекте 22–23-октябрда айрым райондордо газ берүү убактылуу токтотулатБатумиде Борбор Азия жана Грузиянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралат
Кеминдеги кечээки өрт дагы деле өчө элек
08.09.2021 | 11:16
Кемин районунун Кайыңды айылынын Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Көк-Жар токойунда чыккан өрт адамдардын шалаакы жана кайдыгер мамилесинен улам келип чыккан. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратты.
Алдын-ала маалыматка караганда, учурда өрт өчүрүүчү жана куткаруучу кызматтары тартылып болгон күч аракеттерин жумшап жатат. Куткаруучулар ондогон чакырымдарды жөө басып, тилсиз жоо менен күрөш жүргүзүүдө. Өрттүн аянты болжол менен 40 гектарды түзөт. 60ка чукул куткаруучу, токой чарба кызматынын 25 өкүлү жана жергиликтүү тургундар көмөк көрсөтүүдө.
7-сентябрь күнү болжол менен саат 16:25те өрт тутанган. Биздин редакциянын окурманы маалымат берип, сүрөт жөнөткөн болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом