Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Кеминдеги жол кырсык эне-баланын өмүрүн алды
24.09.2022 | 13:37
Кемин районунда жол кырсыктын кесепетинен эки адам каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин жол кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жолк ырсык 23-сентябрда саат 19:30да Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 93-чакырымында катталган.
“Мерседес Спринтер 412” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа батыштан чыгышты көздөй бара жатып, Кеминдин Жаңы-Алыш айылынан алыс эмес жерде 2 жөө адамды сүзүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 1982-жылы туулган Б.Ч.Д. жана 2020-жылы туулган М.Э.Н. (эне-бала) окуя болгон жерде каза болушкан.
Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом