Кемпир-Абад боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды

Кемпир-Абад боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова Кемпир-Абад маселеси боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Ал белгилегендей, учурда Кемпир-Абад боюнча кайчы пикирлер көп болуп жатат.

«Ар бир фракциядан бирден-экиден эл өкүлү кирип, депутаттык комиссия түзөлү. Жеринен өз көзүбүз менен көрүп, түшүндүрүү иштерине жардам берели. Себеби биз өз көзүбүз менен так көрмөйүнчө, эки жактуу болуп жатат. Парламенттин жарымы колдоп, жарымы каршы чыгып жатат. Ратификацияга чейин так-даана билип алалы», -деди ал.

Эскерте кетсек, 10-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу маалымат берген. Анда ал документке ылайык, чек арадагы талаштуу делген жерлердин көбү — 19 миң 699 гектар жер Кыргызстанга өтүп, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери берилерин билдирген.

Парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети аталган келишимдин долбоорун жактырып берген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>