Кара-Суу районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынан кармалды делген адам бою менен тең балыктын видеосу социалдык тармакка жарыяланды.
Аны Эреке Төлөбай аттуу адам Фейсбукка жүктөгөн. Жарыяланган видеодон бир нече адамдын балык менен сүрөткө түшүп жатканын көрүүгө болот.
Балык качан жана кандай жол менен кармалганы азырынча белгисиз.