Яндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алдыИИМ мектеп окуу китептерин сатуу боюнча кылмыш иши козголгонсун тастыктадыКыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алатКараколдун мэри Иманов — Ширшовдун фондунун миллиарддары, туризм жана сындар тууралууЭрлист Акунбеков Пекиндеги форумда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн төрт багытын сунуштадыIT-компаниялар Кыргызстандан келген студенттерге кызыкдар — «Касперский лабораториясы»
Ысык-Көлдө теплоходдорду пайдаланууда экологиялык мыйзамдардын талаптары бузулган учурлар аныкталды
23.07.2026 | 10:00

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Ысык-Көлдө теплоходдорду пайдаланууда атмосфералык абаны коргоо жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын бузулган учурларын аныкташты.
Текшерүүлөр Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында жүргүзүлдү. Жалпысынан экологиялык мыйзамдардын талаптарынын сакталышы боюнча 14 теплоход текшерилди.
Рейддин жыйынтыгында атмосфералык абаны коргоо жаатындагы мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн төрт жаранга карата административдик укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлдү.
Ар бир мыйзам бузган жаранга 7,5 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынды. Жалпы айып пулдун суммасы 30 миң сомду түздү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Ысык-Көл