Айыл чарба министрлиги аппараттык кеңешмеде фермерлерди колдоону күчөтүүнү тапшырды

24.07.2026 | 09:51
Минсельхоз поручил усилить поддержку фермеров на аппаратном совещании — Новости Кыргызстана

23-июлда КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министр Эрлист Акунбековдун төрагалыгы астында аппараттык кеңешме өттү. Анда түшүм жыйноо кампаниясынын жүрүшү талкууланды, ошондой эле Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоют кызматынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыктары боюнча отчету угулду.

Республика боюнча дан эгиндеринин аянтынын 31%ы жыйналып бүттү, түшүм жыйноону аяктоо жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн колдоо боюнча иштер улантылууда.

Ошондой эле эпизоотикалык кырдаалдын туруктуулугун камсыздоо үчүн алдын алуу жана ветеринардык-санитардык иш-чаралар толук көлөмдө жүргүзүлүп жатканы айтылды. Ветеринардык кызматты санариптештирүү алкагында Орусиянын «Меркурий» системасы менен интеграцияланган «Тулпар» системасы аркылуу электрондук ветеринардык коштомо документтерди берүү киргизилди.

Scroll to Top