Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Кыргызстан менен Тажикстандын ТИМ башчылары чек араны демаркациялоо маселесин талкуулашты
24.07.2026 | 18:14

КР тышкы саясат мекемесинин басма сөз кызматы билдиргендей, 24-июлда Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддиндин жолугушуусу өттү.
Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынынын чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшүн, мамлекеттик чек араны демаркациялоо маселелерин, ошондой эле консулдук, суу чарба жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Тышкы саясат мекемелеринин башчылары ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, БУУ, ШКУ, КМШ жана ЖККУ алкагындагы коопсуздук жана кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашышты.