Кемпир-Абадда балык уулагандарды Өзбекстан кубаладыбы? Ташиев жооп берди

Кемпир-Абадда балык уулагандарды Өзбекстан кубаладыбы? Ташиев жооп берди

Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинде балык уулагандар Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Жетинчи каналга» берген маегинде билдирди.

Ал кечээ  Өзбекстандын коопсуздук кызматынын башчысы менен жолугушуп, чек ара кызматы менен суу сактагычта болгон окуяны талкуулаганын айтты.

«Биздин эки жараныбыз балык уулап жүрүп, Өзбекстан тараптын жээгине, кургактыкка өтүп кетишкен экен. Чынында, чек аранын өтүү тартибин бузганы үчүн аларды камаш керек эле. Биз деле ушундай моменттер болуп, чек араны бузуп өтүшсө өзбек жарандарын камайбыз. Мыйзамдар ушундай. Кошуналар адамгерчилик кылып, эки жараныбызды катерге салып, биз тарапка чыгарып коюп кетишкен. Бул да болсо мамилелерибиздин жакшырганы, бийик деңгээлге чыкканы десек болот», — дейт Камчыбек Ташиев.

УКМКнын төрагасынын айтымында, Кемпир-Абадда кыргыз жарандары тор менен балык кармашкан.

«Тор менен балык кармоого Кыргызстандын баардык көлдөрүндө, суу сактагычтарда, керек болсо дарыяларда дагы тыюу салынган.  Браконьердик кылбагыла. Кайырмак менен мага десеңер суткасы менен жатып алып кармай бергиле. Мал салыңарды кенен кесир сугара бергиле. Эң негизгиси, биздин чек арадан ары өтпөгүлө», — деп эскертти ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>