Бишкекте автобус жол кырсыгына учурады

Бишкекте автобус жол кырсыгына учурады

Бишкекте жүргүнчү ташыган автобус жол кырсыгына учурады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 7-майда болжол менен саат 09:45те Дэн Сяопин менен Алыкулов көчөсүнүн кесилишинде болгон. Алдын ала маалымат боюнча, №40 автобустун айдоочусу жолдо баратып, ден соолугу начарлап кеткендиктен, жолдон чыгып, троллейбустун зымдары тартылган мамыны сүзгөн. Жол кырсыктан айдоочудан тышкары, үч жүргүнчү жабыркаган. Алар дарыгерлердин кароосунан өтүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Ошондой эле автобус сүзгөн мамы бузулгандыктан, Дэн Сяопин көчөсү аркылуу жүргөн №14 троллейбустун каттамы өзгөртүлдү. Оңдоо иштери аяктаганга чейин №14 троллейбус «Жал» кичи районунан Фрунзе заводуна чейин каттап турат.

Учурда калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>