Кепилдик фонду ислам принциптери боюнча күрөөнү бере баштады

Кепилдик фонду ислам принциптери боюнча күрөөнү бере баштады

Кепилдик фонду менен «Бакай Банк» каржылоонун ислам принциптерине негизделген кепилдиктерди берүү боюнча кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту.

«Береке» жаңы кепилдик продуктусу каржылоону алуу үчүн жетиштүү күрөөсү жок чарба жүргүзүүчү субъекттердин милдеттенмелерин камсыздоо максатында фонд тарабынан үстүбүздөгү жылдын апрель айында ишке киргизилген. Бул бизнесмендерге каржылоонун ислам принциптерине ылайык гарантиялык колдоо алууга мүмкүндүк берген КМШдагы биринчи кепилдик продукту экендиги маанилүү.

Кепилдик төлөм каржылоону берүү учурунда кепилдиктин суммасына бир убакта алынат.

«Береке» кепилдик продуктусу ишкерлерге каржылоонун суммасынын 50%га чейин фонд кепилдиктерин тартууга мүмкүндүк берет. Кепилдиктин максималдуу суммасы үч жылга чейин 10 миллион сомду түзөт. Айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, кайра иштетүү өнөр жайы жана туризм сыяктуу артыкчылыктуу тармактар ​​үчүн кепилдик төлөмдүн наркы 2%ды, калган секторлор үчүн — 2,5%ды түзөт.

Продукция буга чейин Кыргызстандын Улуттук банкы жана коммерциялык банктардын шарият кеңештери тарабынан макулдашылып, жактырылган. «Береке» продуктунун кызматтарын альтернативдүү каржылык инструменттерге кызыккан ар бир ишкер колдоно алат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>