Акыйкатчы Орусиядан которулуп келген студенттер окуудан чыгарылат делген окуя боюнча Башкы прокуратурага кайрылды

06.08.2026 | 14:43
Акыйкатчы Орусиядан которулуп келген студенттер окуудан чыгарылып жатканы боюнча Башкы прокуратурага кайрылды — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Орусиянын Сибирь федералдык университетинен Кыргызстандын жогорку окуу жайларына которулуп келген студенттердин укуктарын коргоо маселесин көтөрдү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыйкатчыга Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) бир студентинин апасы жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) 32 студенти жамааттык арыз менен кайрылышкан.

Алардын айтымында, студенттер аталган окуу жайларда бир нече жыл контракттык негизде окуп, окуу акыларын төлөп келишкен. Бирок бүтүрүү алдында «документтери талапка жооп бербейт» деген негизде окуудан чыгарылган.

Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, жогоруда аталган эки окуу жай Сибирь федералдык университетинен которулуп келген студенттер боюнча текшерүү жүргүзгөн, жыйынтыгында бул студенттер орусиялык университеттин системасында катталбагандыгы жана аларга окугандыгы тууралуу маалымкаттар берилбегендиги көрсөтүлгөн.

Студенттер өз арыздарында аталган текшерүүнүн жыйынтыктары менен тааныштырылбаганын жана аларга психологиялык басым болуп жатканын айтышкан.

Жамиля Жаманбаева окуу жайлардын чечимдеринин мыйзамдуулугун текшерүү жана студенттердин билим алуу укугун коргоо өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кат жолдогон. Ошондой эле Орусиянын Красноярск крайындагы адам укуктары боюнча өкүлү Марк Денисовго көмөк көрсөтүү суранычы менен кайрылган. Мындан тышкары УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы бул факт боюнча сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатканы айтылды.

Акыйкатчы Илим жана жогорку билим берүү министрлигин которулуп келген студенттердин документтерин кабыл алууда тыкыр иликтөөгө чакырды. Ал студенттердин документтеринин мыйзамдуулугун текшербей кабыл алып, алардын бүтүрүү курсуна келгенде ара жолдо калышына жол берген кызматкерлерге карата укуктук баа берилиши керектигин да белгиледи.

Scroll to Top