Өмүрбек Суваналиев президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун билдирдиЖапаров Токаевге аскер кызматкерлеринин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айттыAsman Airlines кытайлык COMAC C909 жана C919 үлгүсүндөгү самолетторду сатып алууну караштыруудаЖаан жаап, күн күркүрөйт: 25-сентябрга карата аба ырайынын божомолуБишкекке Кытайдын C909 учуучу госпитали келдиКыргызстанда биринчи улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулат
«Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун идеологиясын жайылтууга шектелген жаран кармалды
23.09.2025 | 15:14

«Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун ячейкаларынын биринин лидери болгон 39 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жаран экстремисттик идеологияны жайылткан жана жаңы тарапташтарды тартуу менен алектенген. Ошондой эле ал мурда экстремисттик ишмердиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталган.
Анын жашаган жерин тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү диний адабияттар алынган.
Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Учурда уюмдун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар