Жети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилдиГутерриш: кийинки пандемия сөзсүз болот, ага азыртан даярдануу керекУКМК айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысын аныктады«Чекиш-Ата» базарында эркек киши ок чыгарды — жабыркаган адам барСадыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миңден ашык үй-бүлө батир алат26-сентябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт
Бишкекте Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү жабылып, 9 каттамдын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдү
23.09.2025 | 15:50

22-сентябрда тарта борбор калаадагы Фучик көчөсүнүн Дэн Сяопин проспектисинен “Аска-Таш” конушуна чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Мындан улам төмөнкү каттамдардын схемасы убактылуу өзгөртүлдү: №120-М, №133, №161, №173, №185, №13, №35, №153, №243. Өзгөртүлгөн каттамдарды бул тизмеден көрүүгө болот.
Мэрия жарандардан бул убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылып, каттамдарды алдын ала пландаштырып, мүмкүн болушунча коомдук транспортту колдонууну суранды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом