Кимдер кетип, ким келди? Апта ичиндеги кадрдык өзгөрүүлөр

Кимдер кетип, ким келди? Апта ичиндеги кадрдык өзгөрүүлөр

Кыргызстанда ушул жылдын 17-апрелинен 21-апрелине чейин бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Reporter.kg апта ичинде кызматка дайындалган жана кызматынан алынган жетекчилерди тизмектеди.

Джанысак Сатыбалдиев Базар-Коргон районунун акими кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Ал 2021-жылдын май айында Базар-Коргон районунун акими болуп келген. Дайындоо облустук кадрдык резервден болгон.

Улан Турганбаев Ноокат шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Ал өз каалоосу менен арыз жазган. Улан Турганбаев 2022-жылдын февраль айынан бери мэрлик кызматты аркалап келген.

Нурлан Сулайманкулов президенттик администрациянын сот жана прокуратура органдары менен өз ара кызматташуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Ошондой эле Азамат Осмонов президенттик администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси  болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>