Рубионун Самарканддагы сапары: $12 миллиарддык бүтүмдөр жана АКШнын Борбор Азиядагы жаңы пландары

АКШ Борбор Азияга болгон кызыгуусун арттырууда. 19-октябрда Самаркандда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун чөлкөм өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушуусу өттү. Өзбекстан америкалык компаниялар менен 12 миллиард долларга бааланган макулдашууларды жарыялап жаткан чакта, Кыргызстан инвестиция тартуу, санкциялар жана визалык чектөөлөр маселесин талкуулады. Тараптар эмнелерди макулдашты жана Вашингтон аймакта эмне себептен жанданды — Reporter.kg материалында.
Жолугушуу АКШны жана Борбор Азиянын беш мамлекетин — Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанды бириктирген C5+1 форматында өттү.
Негизги көңүл экономикалык кызматташтыкка, транспорттук каттамдарга, энергетикага жана коопсуздукка бурулду.
Өзбекстан + АКШ = $12 миллиарддык келишимдерби?
Марко Рубионун айтымында, Самаркандга чөлкөм өлкөлөрү менен иштешүүгө кызыкдар болгон 300гө жакын америкалык компаниянын өкүлдөрү келген. Мамлекеттик катчы Вашингтон миллиарддаган долларга келишимдер түзүлөрүнө ишенип жатканын билдирди.
Сапардын башкы экономикалык окуяларынын бири Өзбекстандын америкалык бизнес менен түзгөн келишимдери болду. Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигине таянып Eurasianet маалымдагандай, тараптар жалпы суммасы 12 миллиард долларды түзгөн 54 макулдашуу жөнүндө жарыялашты.

Долбоорлор өнөр жай, энергетика, транспорт, кен казуу, каржы сектору, айыл чарбасы жана санариптик технологиялар тармактарын камтыйт.
Атап айтканда, америкалык Wabtec компаниясы Өзбекстанда темир жол жабдууларын өндүрүүнү өнүктүрүүнү пландаштырууда. Каржы долбоорлоруна Franklin Templeton, Oppenheimer & Co., Citigroup жана BlackRock тартылууда.
Мындай кызматташтык өзбек компанияларына эл аралык инвестицияларга жана инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоого жол ачат деп болжолдонууда.
Тоо-кен тармагында сөз ReElement Technologies, Traxys жана Trafigura менен кызматташуу жөнүндө болууда. Компаниялар геологиялык чалгындоо, кендерди иштетүү, технологияларды киргизүү жана минералдык чийки заттарды жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатышат.
Ошентсе да, жарыяланган 12 миллиард долларды азырынча толук түшкөн инвестиция деп эсептөөгө болбойт. Бул — шарттары жана ишке ашыруу мөөнөттөрү толук ачыктала элек, жарыяланган макулдашуулардын жалпы баасы гана.
Кыргызстан менен АКШ эмнелерди талкуулады?
Өзбекстандын көп миллиарддык макулдашууларынын фонунда Марко Рубионун КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев менен өткөргөн сүйлөшүүлөрү өзгөчө кызыгууну туудурат.
Тараптар сооданы кеңейтүү жана америкалык инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Кыргызстан АКШ менен баарынан мурда энергетика, тоо-кен өнөр жайы, транспорт, маалыматтык технологиялар жана каржы сектору боюнча кызматташууга кызыкдар.
Сүйлөшүүлөрдө санкциялар темасы маанилүү орунду ээледи. Кыргызстандын президентинин атайын өкүлү Бакыт Сыдыков америкалык тарапка санкциялык чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.
Бишкек бул маселе боюнча, анын ичинде жаңы чектөөлөрдүн кеңейишине жол бербөө максатында Вашингтон менен диалогду улантууга даяр экенин билдирди.
Виза маселелери да каралды. Кулубаев студенттер, ишкерлер, ошондой эле гуманитардык жана билим берүү программаларына катышкан жарандар үчүн эки өлкө ортосундагы каттамдарды жеңилдетүү маселесин көтөрдү.
Мындан тышкары, Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышына байланыштуу, аталган кеңештин алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Ошол эле учурда жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен АКШнын ортосунда жаңы инвестициялык макулдашууларга кол коюлганы тууралуу кабарланган жок.
Рубио аймактын башка мамлекеттеринин өкүлдөрү менен да өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Казакстан менен соода, технологиялар жана өтө маанилүү минералдар талкууланса, Түркмөнстан менен саясий консультацияларды улантуу сүйлөшүлдү. Мындай консультациялардын кезектеги айлампасын ноябрда Ашхабадда өткөрүү пландалууда.
АКШ эмнеге үмүт артат?
Чет элдик маалымат каражаттары Рубионун сапарын Вашингтондун Борбор Азия менен экономикалык байланыштарды кеңейтүү аракетинин бир бөлүгү катары баалашууда. Анткени аймак америкалык бизнести өзүнүн табигый байлыктары, транспорттук каттамдары жана жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен тартып келет.
Чет элдик ЖМКлардын жазышынча, жолугушуунун негизги темаларынын бири Каспий деңизи, Азербайжан, Грузия жана Түркия аркылуу Борбор Азияны европалык рыноктор менен байланыштырган «Ортоңку коридор» катары белгилүү Транскаспий эл аралык транспорттук каттамын өнүктүрүү болду.
Сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү, соода көлөмүн көбөйтүү жана бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү маселелерин талкуулашты.

Кыргызстанга келе турган болсок, «Ортоңку коридорго» катышуу бир нече өзгөчө тобокелдиктерди жаратат:
• Геосаясий: Республикага ЕАЭБдин кызыкчылыктарын Кытай, Евробиримдик жана Түркия менен транспорттук байланыштарды кеңейтүү аракети менен айкалыштырууга туура келет. Бул өзүнчө каршылык жаратпаганы менен, тышкы саясий баланстын маанисин жогорулатат.
• Экономикалык: Жаңы каттамдар товар жүгүртүүнү көбөйтүшү мүмкүн, бирок жергиликтүү өндүрүүчүлөр жаңы экспорттук рынокторго чыкканга караганда, кыргыз рыногу чет өлкөлүк товарлар үчүн батыраак жеткиликтүү болуп калуу коркунучу бар.
• Финансылык: Кыргызстан өзүнүн кайтарымдуулугу ички чечимдерден гана эмес, эл аралык жүк агымдарынан, тарифтерден жана дүйнөлүк сооданын абалынан көз каранды боло турган инфратүзүмгө каражат жумшашы керек болот.
Бирок эң башкы кыйынчылык — Казакстандан айырмаланып, Кыргызстан «Ортоңку коридордун» негизги каттамында жайгашкан эмес. Ошондуктан анын катышуусу, баарынан мурда, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан (ККӨ) темир жолунун өнүгүшүнө жана анын андан ары эл аралык транспорттук түйүндөргө кошулушуна көз каранды.
Ошол эле учурда долбоордун оң жактары да бар: альтернативдүү каттам Кыргызстандын айрым гана транспорттук багыттардан көз карандылыгын азайтууга, жүк жеткирүүдөгү үзгүлтүккө учуроо коркунучтарын төмөндөтүүгө жана тышкы рынокторго чыгууну кеңейтүүгө жөндөмдүү.

Ошентип, Кыргызстан үчүн негизги маселе — жөн гана «Ортоңку коридорго» кошулуу эмес, ага катышуу өлкөгө кошумча каржылык милдеттенмелер менен тышкы көз карандылыкты эмес, көбүрөөк экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү алып келе турган шарттарды түзүү болуп саналат.
Борбор Азия дагы эмнеси менен кызыктырат?
Электроника, аккумуляторлор жана башка жогорку технологиялык жабдууларды өндүрүүдө колдонулуучу өтө маанилүү сейрек минералдар да АКШ үчүн чоң кызыгуу жаратат. Тараптар чийки затты казып алууда гана эмес, аны кайра иштетүүдө да кызматташуу жөнүндө сөз кылышты.
Бирок биргелешкен билдирүүдө жаңы транспорттук жана тоо-кен долбоорлорун каржылоонун так суммалары көрсөтүлгөн жок.
Ошону менен бирге Рубио АКШ Борбор Азия өлкөлөрүнөн башка мамлекеттер менен кызматташуудан баш тартууну талап кылбай турганын баса белгиледи.
«Биз кимдир бирөөгө ким менен иш алып баруу керектигин үйрөтүү максатында келген жокпуз», — деди мамлекеттик катчы.
Кытайдын өсүп жаткан таасири жөнүндөгү суроого жооп берип жатып, ал америкалык компаниялар тең укуктуу негизде атаандашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну каалаарын айтты.
«Бизде товарлар бар, аларды өндүргөн компаниялар бар. Биз болгону адилет атаандаштыкты жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү гана каалайбыз», — деди Рубио.
Белгилей кетсек, Вашингтон Кытай соода жана инвестиция жагынан маанилүү орунду ээлеп калган чөлкөмдө өзүнүн экономикалык позициясын бекемдөөгө умтулууда.
Асман астындагы өлкөнүн олуттуу артыкчылыгы
Эки өлкөнүн экономикалык катышуусунун ортосундагы айырманы соода көлөмү ачык көрсөтүп турат. Маселен, Eurasianet маалыматына ылайык, 2025-жылы Өзбекстандын АКШ менен соода жүгүртүүсү болжол менен 1,7 миллиард долларды түзсө, Кытай менен дээрлик 18 миллиард долларга жеткен.
Кыргызстанда бул ажырым андан да чоң. КР Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2025-жылы республиканын Кытай менен соода жүгүртүүсү болжол менен 5 миллиард долларды, ал эми АКШ менен 227,7 миллион долларды түзгөн. Ошентип, Кытай менен соода ошол жылы АКШ менен соодага караганда болжол менен 22 эсе көп болгон.
Ошол эле учурда, Кытай бажысынын маалыматы боюнча, Кыргызстан менен КЭР ортосундагы товар жүгүртүү 2025-жылы 27,2 миллиард долларга жеткен. Кыргызстандын статистикасы менен мындай чоң айырмачылык тышкы соода операцияларын эсепке алуудагы өзгөчөлүктөргө байланыштуу болушу мүмкүн.
Рубио келердин алдында эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев КЭР Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен жолугушкан. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча өзбек тарап Кытай менен макулдашуулар менен бекемделген биргелешкен долбоорлордун портфели дээрлик 60 миллиард долларга жеткенин кабарлаган.
Ушундай шартта Вашингтон соода, энергетика, кен казуу жана жаңы технологиялар тармактарында кызматташууну сунуштап, Борбор Азиядагы өз таасирин кеңейтүүгө үмүттөнүүдө.
Самаркандда дагы эмнелер макулдашылды?
Экономикалык маселелерден тышкары, C5+1 жолугушуусунун катышуучулары аймактык коопсуздукту, терроризмге, уюшкан кылмыштуулукка, маңзаттын жана курал-жарактын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, ошондой эле адам сатууга каршы күрөштү талкуулашты.

Санариптештирүүгө, жасалма интеллектке, билим берүүгө, маданий алмашууларга жана туризмге өзүнчө көңүл бурулду. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен билдирүү кабыл алып, кызматташтыкты улантуу ниетин ырасташты.
Сапардын дагы бир маанилүү жыйынтыгы Өзбекстандын космосту тынчтык максатта изилдөө жана пайдалануу принциптерин аныктаган «Артемида келишимдери» (Artemis Accords) эл аралык демилгесине кошулушу болду. Документке Рубионун катышуусунда Өзбекстандын ТИМ башчысы Бахтиёр Саидов кол койду. АКШ Мамлекеттик департаментинин маалыматына ылайык, Өзбекстан аталган демилгеге кошулган 77-өлкө болуп калды.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө космос тармагындагы кызматташтык жана Өзбекстандын АКШнын жарандык өзөктүк технологияларына болгон кызыгуусу да сөз болду.
Ошентип, Самарканддагы жолугушуу АКШнын Борбор Азия менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин айкын көрсөттү. Бирок азырынча аймак өлкөлөрү үчүн натыйжалар ар башка болууда: Өзбекстан америкалык бизнес менен ири келишимдер түзүлгөнүн жар салса, Кыргызстан мындан аркы кызматташуунун шарттарын талкуулоого басым жасады.
Бул сүйлөшүүлөр кыргыз экономикасына америкалык инвестицияларды тартууга канчалык деңгээлде жардам берери конкреттүү долбоорлор менен келишимдер пайда болгондон кийин гана белгилүү болот.
Анара Мамытова