Кинематография департаментине жаңы директор дайындалды

Кинематография департаментине жаңы директор дайындалды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун сунушу менен Бекболотов Акжолтой Бекболотович Кинематография департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Директорду эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.

Эдил Байсалов “Кино тармагы аркылуу мамлекеттин идеологиясын жүргүзсө болот, андыктан кино тармагы өнүгүүгө тийиш. Акжолтой Бекболотовдун бул тармакты бийик деңгээлге көтөрөөрүнө ишеним арталы” деп белгиледи.

Министр Алтынбек Максутов Акжолтой Бекболотов кино жаатында чоочун адам эмес экендигин белгилеп, бул тармакты өнүктүрүүгө бар аракетин жумшоосун суранып, ишине ийгилик каалады.

Акжолтой Бекболотов 1983- жылы 8- сентябрда Нарын облусунда төрөлгөн. 2002-2007- жылдары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Коммуникация” факультетинин “Радио, ТВ жана Кино” кафедрасын артыкчылык диплому менен аяктаган.

Эмгек жолу:

— 2006-2008-жылдары — «Айтыш фильм” студиясында оператордун ассистенти жана монтажер;

— 2010-жылы — Кинематографисттер союзунун мүчөсү;

— 2011-2015-жылдары — Т.Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильим” киностудиясынын көркөм жана техникалык кеңешинин мүчөсү жана “Айтыш” коомдук фондунун директору;

— 2011-2019-жылдары — “Кыргызстан-кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кино фестивалынын негиздөөчүсү жана уюштуруучусу;

— 2012-жылы — Улуттук “Ак илбирс” кино сыйлыгынын негиздөөчүлөрүнүн жана уюштуруучуларынын бири;

— 2020-жылдан тартып ушул күнгө чейин Төлөмүш Океев атындагы Улуттук Кыргызфильим киностудиясынын директору.

Акжолтой Бекболотов 16 жылдан бери кыргыз киносунда эмгектенип келет. Ал 20 ашык кыскаметраждуу даректүү, 10 ашык кыскаметраждуу ойномо, 15 ашык фильмдердин продюсери болгон. “Курманжан Датка” тарыхый-эпикалык көркөм фильминин 2-оператору, “Көргүм келет”, “Асман алдында”, “Атанын керээзи”, “Дарак ыры”, “Шамбала”, “Эрмен жыты” “Арно” сыяктуу толукметраждуу көркөм фильмдердин коючу-оператору болуп иштеген. Анын операторлук иштери жогорку көркөмдүк деңгээли жана кесипкөйлүгү менен айырмалангандыктан, жогоруда аталган фильмдер эл аралык абройлуу кинофестивалдарда “мыкты оператор”- байгелерин ээлеген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>