Бүгүн Бишкектеги «Дордой Моторс» базары митингге чыкты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге соода жайдын ишкерлери кабарлашты.
Алардын маалыматында, ишкерлер башка базарлар менен бирге контролдук-кассалык аппараттарды коюга каршылыгын билдиришти.
«Биз «Акүй» тарапка баралы дегенбиз. Жолду бууп, токтотушту. Аким жана Мамлекеттик салык кызматынан келип, 6 кишини акимиатка сүйлөшүүгө алып кетишти. Биз күтүп олтурабыз», — деди соодагерлер.
«Дордой Моторс» бүгүн иштебейт.
Белгилей кетсек, өткөн жумадан бери Бишкекте жана аймактарда митингдер өтүп жатат. Соодагерлер патент системасын калтырууну жана контролдук-кассалык аппараттарды коюга каршы чыгып жатышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз