ККӨ темир жолунун долбоордук кеңсеси Бишкекте жайгашат

ККӨ темир жолунун долбоордук кеңсеси Бишкекте жайгашат

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун долбоордук кеңсеси Бишкекте жайгашат. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин администрациясы билдирди.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевге аймактагы темир жол инфраструктурасынын ири долбоорлорун ишке ашыруу боюнча пландар тааныштырылган.

Белгилүү болгондой, аталган темир жолдун долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси келерки жылдын 1-июнуна карата даярдоо пландалууда. Темир жолдун долбоордук кеңсеси Бишкекте ачылат.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Макулдашууларга ылайык, жол тилкеси «Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад» багыты менен өтөт. Бул жолдун узундугу 280 чакырымды түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>