Клара Сооронкулова аудио сүлөшүүлөр жөнүндө жооп берди

Клара Сооронкулова аудио сүлөшүүлөр жөнүндө жооп берди

“Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова “Ата Мекенге” беделдүү саясатчылар кирбей жатат деген аудио сүйлөшүүлөр боюнча пикирин билдирди. Ал Рита Карасартова экөөнүн ортосунда чынында сүйлөшүүлөр болгонун айтып берди.

«Биздин сүйлөшкөнүбүздү кесип, “Ата Мекенде” электораты жок экенин көрсөтүү максатын көздөгү көрүнүп турбайбы. Андай болбосо аялдардын «гемморрой» дарты жөнүндө да сүйлөштүк эле ошону да кошуп коюшпайт беле”-деди.

Сооронкулова эки адамдын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү ачыкка чыгаруу мыйзамсыз иш болуп калды деп кошумчалады.

“Башмыйзамда да кепилденген. Эгерде эки кишинин сүйлөшүүсүн ачыкка чыгаруу үчүн соттун чечиминин негизинде гана ишке ашышы мүмкүн деп турат. Сот санкция бергенде гана болот. Ал үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы “Сооронкулова менен Карасартова соттон ушундай кылмыш кылганы даярданып жатат, биз далил чогултушубуз керек, ушулардын сүйлөшүүлөрүн тыңшайлы, мессенжерлерин бузуп кирели”- деп уруксаат сурашы керек болчу. Бирок, ошондо да далил керек”- деди Сооронкулова.

Клара Сооронкулова менен Рита Карасартованын “Ата Мекен” партиясынын курамына шайлоого катышуу үчүн беделдүү саясатчылар кирбей жатат” деген аудио сүйлөшүүлөрү интернетке чыгып кеткен.

«Ата Мекенге» эч ким кирбей жатат. Аудио сүйлөшүү тарады

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>