Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Бишкекте айдоочу эне-баланы коляскасы менен маршруткага салбай койду – видео
30.09.2021 | 12:35
Бишкекте кичи автобустун айдоочусу коляскасы менен чогуу маршруткага түшүүнү каалаган аялга физикалык күч колдонду. Окуянын видеосу социалдык тармакка жарандык активист Болот Ибрагимов тарабынан жарыяланган.
Бишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынан Reporter.kg’ге бул каттамды тейлеген “Бригадалык Кеңеш” ЖЧКсынын башчысы айдоочуга карата тиешелүү чараларды көрүү үчүн ШТБга чакырылганын билдирди.
«Айдоочуга жумуштан кетирүүгө чейинки чаралар колдонулат», – деп билдирди мэрия.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом