Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктадыКыргызстанда Тажикстандын маданият күндөрү өтөтӨзгөн районунда жаңы базардын курулушу башталды17-майга карата аба ырайыСадыр Жапаров ТМУ саммитинде: Жасалма интеллект, санариптештирүү жана Көчмөндөр оюндарыБишкекте Ч. Айтматов проспектиси менен Л. Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги көпүрө оңдолот
«Клооп Медиа» БШКны сотко берди
09.11.2021 | 12:39
«Клооп Медиа» коомдук фонду 8-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн Бишкектин административдик сотуна доо арыз менен кайрылды. Бул туурасында “Клооп” жазып чыкты.
Маалыматтарга ылайык, «Клооп Медиа» БШКнын мындай негиздемеси шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарга каршы келет деп эсептейт. Анткени, БШК аталган коомдук уюмду 28-ноябрда өтө турчу шайлоодогу мыйзам бузууларга байкоо салуу укугунан ажыраткан. Буга макул эмес болуп сотко кайрылган.
БШК болсо “Клооп Медиа” коомдук фондунун уставында шайлоо мыйзамдары боюнча жана шайлоодо, ошондой эле адам укуктарын коргоо тармагында иш алып баруусу тууралуу көрсөтүлгөн эмес», — деген жүйөнү келтирген.
https://reporter.kg/kloop-media-koomduk-fondu-shajloodo-bajkoochuluk-kyla-albajt/
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат