АКШ толук эмделген чет өлкөлүктөр үчүн чек арасын ачты

АКШ толук эмделген чет өлкөлүктөр үчүн чек арасын ачты

АКШ 20 айлык чектөөлөрдөн кийин 8-ноябрдан тартып толук эмделген чет өлкөлүк жарандар үчүн эшигин ачты.

Өлкөгө четтен адамдарды киргизбөө буйругун COVID-19 пандемиясы жаңы башталган 2020-жылдын башында ошол кездеги президент Дональд Трамп чыгарган. Быйыл жыл башында бийликке келген мамлекет башчы Жо Байден да чектөөлөрдү алган эмес.

2020-жылдын мартынан тартып Американын чек арасы дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүндөгү туристтер үчүн жабык болуп турду.

2019-жылы декабрда Кытайдын Ухань шаарынан тараган COVID-19 вирусу тездик менен дүйнөгө тарап, эл аралык жана ички каттамдар токтогон. Дээрлик бардык өлкөлөр пандемиядан улам чек араларын жаап, чектөөлөрдү киргизген. Бир нече ай бою тышкы дүйнө менен карым-катыш токтоп, жарандардын өлкө ичинде жүрүүсүнө да чектөөлөр салынган.

Коронавируска каршы вакциналар пайда болушу менен көпчүлүк өлкөлөрдүн чек арасы ачылган. Бул аралыкта дүйнөлүк экономика артка кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>