Кыргызстандык Орозбек Алмазбеков казак күрөшү боюнча Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болду

Кыргызстандык Орозбек Алмазбеков казак күрөшү боюнча VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алтын медаль жеңип алды. Мелдеш 4-сентябрда «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде өттү.
Мелдешке дүйнөнүн 32 өлкөсүнөн 65 спортчу катышты. Жеңүүчүлөр жана байге ээлери үч салмак категориясында — 60 кг чейин, 82 кг чейин жана 100 кг жогору салмакта аныкталды.
60 килограммга чейинки салмакта биринчи орунду Казакстандык Ернур Сулейман ээледи. Күмүш байгеге Грузиялык Гиоргий Инашвили татыктуу болду. Коло медалдарды Өзбекстандык Хуршидбек Чориев жана Түркмөнстандык Сердар Бабамурадов багындырышты.
82 килограммга чейинки категорияда Өзбекстандык Умид Есенов жеңишке жетти. Экинчи орунду Казакстандык Нурдаулет Бактыбайулы ээледи. Коло байге ээлери Ирандык Поуриа Шокри жана Россиялык Глеб Голов болушту.
100 килограммдан жогору салмак категориясында Кыргызстандын өкүлү Орозбек Алмазбеков алтын медаль тагынды. Күмүш медаль Казакстандык Нурдаулет Жарылгаповго тийди. Үчүнчү орундарды Өзбекстандык Бахридин Абдурайымов жана Польшалык Томаш Щепаняк ээлешти.
Мелдештин жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине акчалай сыйлыктар да тапшырылды. Биринчи орун үчүн спортчулар 100 миң сомдон, экинчи орун үчүн 80 миң сомдон, үчүнчү орун үчүн 60 миң сомдон алышты.
Сыйлык алгандардын тизмеси:
60 кг чейин:
- 1-орун — Ернур Сулейман (Казакстан) — 100 миң сом;
- 2-орун — Гиоргий Инашвили (Грузия) — 80 миң сом;
- 3-орун — Хуршидбек Чориев (Өзбекстан) — 60 миң сом;
- 3-орун — Сердар Бабамурадов (Түркмөнстан) — 60 миң сом.
82 кг чейин:
- 1-орун — Умид Есенов (Өзбекстан) — 100 миң сом;
- 2-орун — Нурдаулет Бактыбайулы (Казакстан) — 80 миң сом;
- 3-орун — Поуриа Шокри (Иран) — 60 миң сом;
- 3-орун — Глеб Голов (Россия) — 60 миң сом.
100 кг жогору:
- 1-орун — Орозбек Алмазбеков (Кыргызстан) — 100 миң сом;
- 2-орун — Нурдаулет Жарылгапов (Казакстан) — 80 миң сом;
- 3-орун — Бахридин Абдурайымов (Өзбекстан) — 60 миң сом;
- 3-орун — Томаш Щепаняк (Польша) — 60 миң сом.