Наристе даараткананын чуңкуруна кулап каза болдуТүркияда деңиз жээгинен кыргызстандык жарандын сөөгү табылдыБишкектеги №24 мектепте миллион сомдук акча чогултуу боюнча кылмыш иши козголдуИран менен АКШнын ортосундагы 14 пункттан турган меморандумдун долбоору жарыяланды — толук маалыматСауна, мончо жана тамактануучу жайлар үчүн салык ставкасы төмөндөтүлөтУнаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу акысы бир айга арзандады
КМШ оюндары: Уларбек Абдиев күмүш байгени багындырды
09.09.2021 | 13:59
Тайбоксчу Уларбек Абдиев КМШ оюндарынан күмүш медалга ээ болду. Бул боюнча оюндун сайтында жазылган. Ал балбан 57 килограмм чен бирдигинде күч сынашкан.
Кыргызстандын капчыгында жалпы 36 медаль болсо анын экиси алтын, ону күмүш, 24 коло.
Биринчиликти багындыргандардан Нурманбет Раймалы бел боо күрөшү боюнча, Калмира Билимбекова эркин күрөштөн.
Учурда Орусия 81 алтын медалы менен биринчи келе жатат. Өзбекстан 2-орунда. (17) Ал эми үчүнчү орунду болсо Азербайжан алган. Куржунунда 12 алтын медаль бар.
4-сентябрдан 11-сентябрга чейин оюн болот. 16 спорттун түрү боюнча таймаш болуп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт