12-октябрь: күндүз Кыргызстандын басымдуу бөлүгүндө жаан жаашы күтүлөтОш облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан Бекешев
Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна чоң таш түшүп, тазалоо иштери жүрүүдө
05.06.2026 | 16:44

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 270-271-чакырым аралыгында ири көлөмдөгү таш көчкү түшүп, учурда тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, таш көчкүнүн болжолдуу көлөмү 55-60 миң куб метрди түзөт. Окуя 4-июнда саат 17:30 чамасында болуп, жол жабылып калган.
Азыркы тапта №18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Ишке эки экскаватор, эки жүктөгүч (погрузчик) жана эки ХОВО автоунаасы тартылган. Мындан тышкары, башка аймактардан кошумча техникалар келиши күтүлүүдө.
Эске салсак, Түндүк-Түштүк альтернативдик 1-июндан 1-ноябрга чейин убактылуу ачылган. Унаа кыймылына күндүзгү убакытта, саат 06:00дөн 20:00гө чейин гана уруксат берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: таш түшүү