КМШнын атайын кызматтары коопсуздуктун практикалык чараларын ишке ашырууну макулдашты

26.05.2026 | 13:16
КМШнын атайын кызматтары коопсуздуктун практикалык чараларын ишке ашырууну макулдашты

Кыргызстандын УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков КМШга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешинин (СОРБ) 58-жыйынына катышты. Шериктештиктин чалгындоо коомчулуктарынын башчыларынын жолугушуусу 25-майда Орусиянын Иркутск шаарында өттү.

Жыйындын негизги жыйынтыгы катары аймактагы туруктуулукту чыңдоого жана трансулуттук коркунучтарга каршы күрөшүүгө багытталган бир катар конкреттүү практикалык чараларды ишке ашыруу чечими кабыл алынды.

Өз баяндамасында Шабданбеков заманбап чакырыктарга ыкчам жооп кайтаруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө жана мекемелер арасында түз кесиптик диалогду куруу зарылдыгына өзгөчө басым жасады.

Катышуучулар өнөктөштүктү сапаттуу түрдө күчөтүүгө даяр экендиктерин тастыкташты. Кабыл алынган чечимдер КМШнын бүткүл мейкиндигинде терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүү жана киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү атайын кызматтардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Теги: ГКНБ
Scroll to Top