Министрлер кабинети күйүүчү майдын баасын турукташтыруу үчүн субсидия бөлөт

Кыргызстандын Министрлер кабинети күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) баасын турукташтыруу жана рынокту үзгүлтүксүз камсыздоо максатында токтом кабыл алды. Документке ылайык, мамлекет 2026-жылдын 25-майынан 30-сентябрына чейин КММ импорттоо жана сатуу менен алектенген ишкерлерге субсидия бөлүп берет. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Мамлекет бөлгөн субсидия импорттук сатып алуу баасы менен өкмөт бекиткен баанын ортосундагы айырманы жабат. Өкмөт тарабынан белгилеген баалар төмөнкүдөй:
- Аи-92 бензини — 1 тонна үчүн 860 доллар;
- Аи-95 бензини — 1 тонна үчүн 940 доллар;
- Дизель отуну — 1 тонна үчүн 950 доллар;
- Суюлтулган газ — 1 тонна үчүн 575 доллар.
Экономика жана коммерция министрлигине КММдин максималдуу чекене бааларын белгилөө менен убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү тапшырылды. Финансы министрлиги субсидиялоо үчүн зарыл каражаттарды бөлүп берет.
Мамлекеттик салык кызматы 30-сентябрга чейин бензин, дизель жана суюлтулган газды өндүрүүдө жана импорттоодо акциздик салыкты төлөө мөөнөтүн отчеттук айдан кийинки айдын 20сына чейин узартты.
Мындан тышкары өкмөт мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө коюлган убактылуу тыюуну 2026-жылдын 30-сентябрына чейин токтотту. Ошондой эле «Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» токтомго Аи-95 маркасындагы бензин кошулду.