Кочкор-Атада милиция кызматкери пара менен кармалды — видео

Кочкор-Атада милиция кызматкери пара менен кармалды — видео

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы жана ИИМ Жалал-Абад облусу боюнча ички иликтөө бөлүмүнүн ички иликтөө кызматы менен бирдикте, 2022-жылдын 15-декабрында 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда Ноокен РИИБдин Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкери «Э.Ш.К. кармалды.Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, «Э.Ш.К» аттуу Ноокен РИИБнин Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкери, Кочкор-Ата шаарынын тургунун кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, маселени оң жагына чечип берүү үчүн 50 миң сом акча каражатын талап кылган.

Бул факты боюнча УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-берененин 1-бөлүмүндө (опузалап пара талап кылуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө камак жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>