Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган алтын монета жүгүртүүгө чыктыБишкекте көчөдөн ток урган 9 жашар бала каза болдуБишкекте кытайлык сүрөтчүлөр катышкан «Айыл» эл аралык сүрөт көргөзмөсү ачылат3-августка карата аба ырайы: +39°C чейин ысык болуп, айрым аймактарда жаан жаайтЫсык-Көлдө кайрадан «Салбуурун» фестивалы өттүШвециялык Йонас Андерссон Ысык-Көлдө өткөн суудагы «Формула-1» жарышынын квалификациясында жеңишке жетти
Кочкор районунун акими алмашты
04.07.2022 | 14:03
Эрмекбай Омошев Нарын облусунун Кочкор районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүу жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Омошев Эрмекбай Алянович Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды”, – деп айтылат маалыматта.
Өлкө башчынын дагы бир жарлыгына ылайык, Камчыев Курбанбек Камчыевич Кочкор районунун акими кызматынан бошотулду
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат