Көчмөндөр оюндарына көк бөрү жана алыш күрөшү да киргизилди

Көчмөндөр оюндарына көк бөрү жана алыш күрөшү да киргизилди

Түркиядагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көк бөрү жана алыш күрөшү расмий мелдеш катары кирди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, улакчылар машыгуу жыйындарын толук өткөрүп, бүгүнкү күндө даяр турушат. Оюнчулар 28-сентябрда учушат.

Мындан сырткары, көкпар, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, таяк тартыш жана салттуу жаа атуу спорту боюнча мелдештер өтүп, аталган оюндарга кыргыз спортчулары да катышат.

Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көрсөтмө оюндары катары өтөт.

Эскерте кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин уланат. Кыргызстандын атынан жалпы 148 спортчу катышат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: Көк бөрү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>