Кодекс күчүнө кирди. Баңгизаттарды жайылткандар үчүн жаңы жаза

Кодекс күчүнө кирди. Баңгизаттарды жайылткандар үчүн жаңы жаза

2021-жылдын 1-декабрынан тартып жаңы кабыл алынган кодекстер күчүнө киргендигин милиция эскертет. Бул туурасында Ички иштер министрлиги билдирди.

2021-жылдын 28-октябрындагы №128 Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 101-беренесинде Кыргызстандын аймагында жоопкерчилик каралган.

Ага ылайык:

Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын прекурсорлорун, баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды, камтыган өсүмдүктөрдү, же болбосо алардын прекурсорлорун жана баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды камтыган алардын бөлүктөрүн, же болбосо алардын перкурсорлорун, ошондой эле жаңы өзгөчө кооптуу психоактивдүү заттарды колдонууга чакыруу жана аларды жарнамалоо , жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Ошол эле аракеттер:

1) билим берүү мекемелеринде, ошондой эле адамдар көп чогулган объекттерде жасалса;

2) жалпыга маалымдоо каражаттарын же электрондук маалымат ресурстарын пайдалануу менен жасалса, жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Эскертүү:

1 эсептик көрсөткүч 100 сом. Бул ченем жаңы болуп эсептелет,эгер сиз мындай жарнама жасоого күбө болсоңуз, тиешелүү чараларды көрүү үчүн райондук ички иштер башкармалыктарына кайрылыңыздар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>