Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга ниети бар экенин билдирдиБишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалдыКыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдөАзия оюндары: грек-рим күрөшүндө Асан Жанышов финалга чыктыДепутат памирлик кыргыздарды жумушка орноштурууга жана адаптациялоого көмөк көрсөтүүгө чакырдыБишкекте сүрөтчү Асанбек Турумбековдун 90 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат
Чолпон-Ата шаарында өрттөн бир адам каза болду
07.12.2021 | 10:46
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Батирден өрт чыкканы тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмүнө саат 18.35те түшкөн. Өрт саат 20.15те толук өчүрүлгөн.
Аянты 50 чарчы метр болгон батир күйүп, 1958-жылы туулган адам каза болгон.
Өрттүн келип чыгуусуна электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом