Көк бөрү боюнча «Нооруз-2025» мелдеши маркум улакчынын тажыясынан кийин уланат

Көк бөрү боюнча «Нооруз-2025» мелдеши маркум улакчынын тажыясынан кийин уланат

Бишкекте Ак-Кула ат майданында Ноорузга карата уюштурулуп жаткан көк бөрү боюнча мелдеш 15-мартка чейин токтотулду. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан кабарлашты.

Аталган уюм 12-марттагы оюн учурунда «Бөрүлү» командасынын капитаны Мирлан Сраждинов каза болгонуна байланыштуу федерацияда 13-14-март аза күтүү күнү деп жарыяланганын, маркумдун сөөгү жерге берилгенге чейин улак тартыш боюнча оюндар токтотулганын билдирди. Беттештер 15-мартта уланат.

Көк бөрү федерациясы маркум оюнчу Мирлан Сраждиновдун үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Эскерте кетсек, каргашалуу окуя 12-мартта биринчи лигадагы «Бөрүлү» жана «Бүркүт» командаларынын оюну учурунда болгон. «Бөрүлүнүн» капитаны Мирлан Сраждинов улакты эңип жатканда аны атаандаш команданын улакчысы ат менен келип сүзгөн. Сраждинов жерге кулап, эсине келбей каза болгон.

Кыргызстанда жыл сайын Ноорузга карата көк бөрү боюнча мелдеш уюштурулуп келет. Быйылкысы 12-мартта башталган, 21-мартта жыйынтыкталмак.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ
Тэги: Көк бөрү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>