РИИБ башчысынын орун басарынын жубайы зомбулукка кабылганын айтты. Акыйкатчы анын кызматта калышына суроо койдуБишкекте Шакиранын концертине шаардагы 6 жерден акысыз автобустар каттайтИшкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий ветеринардык көзөмөлгө жайылтылбайтЧикагодо Кыргызстандан барган жаранга сексуалдык зомбулук боюнча айып тагылдыКыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүУКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Досмамбетов кармалды
Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмашты
07.09.2026 | 12:41

Канат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда, президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президенттин дагы бир жарлыгы менен Алмаз Имангазиев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Алмаз Имангазиев буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары кызматында иштеп келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Жарлык