Көлбаевдин тобунун Аксы району боюнча “көзөмөлчүсү”  кармалды

Көлбаевдин тобунун Аксы району боюнча “көзөмөлчүсү”  кармалды

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун Аксы району боюнча “көзөмөлчү”  М.А.К кармалды.

Ал пара талап кылууга  (Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси)  шектелүүдө.

М.А.К. коркутуу жолу менен Аксы районундагы жеке ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылып жүргөнү аныкталган.

Шектүүнүн үйүнөн катталбаган ок атуучу куралдар жана ага ок-дарылар табылды. Өзү  УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.

Кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК буга чейин Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун 40тан ашык мүчөсү кармалганын маалымдаган.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя жеринде көз жумган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>