Бишкекте Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү капиталдык оңдоого жабылатКыргызстандык окуучулар жасалма интеллект боюнча эл аралык олимпиадада ийгилик жаратыштыКолумбияда катуу жер титирөө болуп, жүздөн ашуун киши каза таптыКөңүл буруңуз! Жалган tolom.kg сайты аркылуу алдамчылардын тузагына түшүп калбаңызАт-Башыда эс алуу жайынан илбирс жана аюунун терилери табылдыМинистрлик F1H2O дүйнө чемпионатынан кийин Ысык-Көлдүн суусу булганбаганын билдирди
“Колунда жокторго жардам беребиз”. Акылбек Жапаров Ошко барды (видео)
15.07.2024 | 16:59
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн Ош шаарына барып, кечээ сел болгон жерлерди кыдырды.
Интернетте тараган видеодо анын базарда ишкерлер менен баарлашканын көрүүгө болот. Соодагерлер бийликтен жардам күтөрүн, кенемте бериле турган болсо, ал калыс бөлүштүрөрүнө ишеним артышарын айтышты.
“Колунда жокторго жардам беребиз”, – деп жооп берген Акылбек Жапаров.
Калаа мэри Бакытбек Жетигенов ишкерлердин чыгымын тактоо боюнча иштер жүрөрүн айтты.
Белгилей кетсек, шаардын базарындагы 842 контейнердин 785ин суу каптап, соодагерлердин товарларын агызып кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом