Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Бишкекте Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү капиталдык оңдоого жабылат
11.08.2026 | 12:58

Бүгүн, 11-августтан, тарта Фрунзе көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Бул иштер жолдорду реабилитациялоо долбоорунун кезектеги этабы болуп саналат. Буга чейин аталган көчөнүн А. Сүйүнбаевден Ибраимовго чейинки тилкесинде оңдоо иштери бүткөрүлүп, жол кыймылы үчүн ачылган.
Оңдоо учурунда эски асфальт катмары алынып, жолдун негизи бекемделет жана жаңы асфальт төшөлүп, инженердик тармактар жаңыланат. Муниципалитет айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом