Ат-Башыда эс алуу жайынан илбирс жана аюунун терилери табылды

11.08.2026 | 11:28
Ат-Башыда эс алуу жайынан илбирс жана аюунун терилери табылды — Новости Кыргызстана

Нарындын Ат-Башы районундагы жеке жаранга таандык эс алуучу жайдан Кызыл китепке кирген илбирстин жана күрөң аюунун терилери табылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда эс алуу жайынын ээси терилер 30 жыл мурун алынганын айткан, бирок алардын мыйзамдуулугун ырастаган документтерди көрсөтө алган эмес. Ошондой эле ал текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн документтерге кол коюудан баш тарткан.

Учурда материалдар чогултулуп, укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө даярдалып жатканы айтылды.

Министрлик мыйзамга ылайык, илбирске келтирилген зыян үчүн 2 миллион сомго чейин, ал эми күрөң аюу үчүн 1,5 миллион сомго чейин доо өндүрүлөрүн билдирди.

Scroll to Top