Көңүл буруңуз! Жалган tolom.kg сайты аркылуу алдамчылардын тузагына түшүп калбаңыз

11.08.2026 | 11:36
Көңүл буруңуз! Жалган tolom.kg сайты аркылуу алдамчылардын тузагына түшүп калбаңыз — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда расмий tolom.kg сервисине окшоштурулуп жасалган фишингдик сайттарды колдонуу менен алдамчылык учурлары көбөйдү, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Мекемеден түшүндүрүшкөндөй, чыныгы tolom.kg сайты укук бузуулар үчүн айып пулдарды текшерүүгө гана арналган. Бул сервис төлөмдөрдү кабыл албайт жана банк карталарынын реквизиттерин сурабайт.

Алдамчылар "КР Мамлекеттик электрондук порталынын" атынан делген, жол эрежесин бузгандыгы үчүн карызы бар экендиги тууралуу SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүп жатышат.

Элди алдоо үчүн расмий символикалар жана эгиз-сайттарга шилтемелер колдонулууда. Мындай ресурстарда жарандарга банк картасынын номерин, CVC/CVV-кодун жана ырастоочу SMS-кодун киргизүү сунушталат. Бул болсо акча каражаттарынын уруксатсыз алынып кетишине алып келиши мүмкүн.

Башкы прокуратура мамлекеттик органдар жана расмий төлөм сервистери айып пулду төлөө үчүн шашылыш түрдө тышкы шилтеме аркылуу өтүүнү талап кылган жеке билдирүүлөрдү жөнөтпөй тургандыгын баса белгилейт.

«Айып пулдардын бар же жок экенин расмий сайт, мамлекеттик порталдар же банктардын авторизацияланган мобилдик тиркемелеринин тиешелүү бөлүмдөрү аркылуу өз алдынча текшериңиздер», — деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратура кыргызстандыктарды күмөндүү шилтемелерге кирбөөгө жана банктык маалыматтарды бөтөн ресурстарга жазбоого, ал эми алдамчылык фактылары байкалган учурда укук коргоо органдарына кайрылууга чакырат.

Scroll to Top