Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Кыргызстандык окуучулар жасалма интеллект боюнча эл аралык олимпиадада ийгилик жаратышты
11.08.2026 | 12:16

Кыргызстандык окуучулар Жасалма интеллект боюнча III эл аралык олимпиада (IOAI 2026) алтын жана күмүш медалдарды утушту. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Олимпиада 2–8-августта Казакстандын Астана шаарында өттү. Ага дүйнөнүн 106 өлкөсүнөн 400дөн ашык мектеп окуучусу катышкан. Олимпиада машиналык үйрөнүү, маалыматтар менен иштөө жана жасалма интеллект моделдерин иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды камтыган.
Кыргызстандын курама командасы мелдеште бир алтын, бир күмүш медаль жана бир ардак грамота жеңип алган.
- Алтын медаль: Ян Бобрус, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 10-классынын окуучусу;
- Күмүш медаль: Сабыр Алымбеков, “Маариф” билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу;
- Ардак грамота: Айвар Тынчтыкбеков, “Акылман” президенттик мектебинин 9-классынын окуучусу.
Өлкөлөрдүн жалпы рейтингинде Кыргызстандын курама командасы 15-орунду ээледи. Команданы Исхак Тажибаев, Мамат Ишматов жана Артем Беляев жетектеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим
Теги: жасалма интеллект, олимпиада