Министрлик F1H2O дүйнө чемпионатынан кийин Ысык-Көлдүн суусу булганбаганын билдирди

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Ысык-Көлдө өткөн моторлуу кайыктардын F1H2O дүйнө чемпионатынан кийин суунун сапаты начарлабаганын жана экологиялык мыйзам бузуулар катталбаганын билдирди.
Министрликтин маалыматында, экологиялык жана техникалык коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн атайын топ иш алып барып, мелдеш өткөн акватория жана техникалык тейлөө аймактары изилденген. Жыйынтыгында суу бетине күйүүчү-майлоочу материалдардын төгүлүшү же жээктин булганышы сыяктуу фактылар аныкталган эмес.
Мындан тышкары Экологиялык мониторинг департаменти тарабынан мелдешке чейин жана андан кийин Ысык-Көлдүн суусунун үлгүлөрү алынган. Алынган үлгүлөргө мунайзаттарына жана эритилген кычкылтекке карата химиялык анализ жүргүзүлгөн. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы суудагы булгоочу заттардын деңгээли белгиленген ченемдерден ашпаганын көрсөткөн.
Белгилей кетсек, «UIM F1H2O дүйнө чемпионаты – Кыргызстандын Гран-приси Ысык-Көл-2026» эл аралык мелдеши Ысык-Көл облусунун Бает айылында 31-июлдан 2-августка чейин өткөн.