Көмүскө кумар оюндарын уюштургандарды жазалоо каралууда

Көмүскө кумар оюндарын уюштургандарды жазалоо каралууда

Бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тиешелүү мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети болуп жашыруун (мыйзамсыз) кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү анын ичинде, оюн автоматтарын пайдалануу менен жасалган мыйзамсыз иштерге бөгөт коюу, аларга жашы жете электерди тартууга өбөлгө түзүүчү шарттарды четтетүү, мыйзамсыз оюндарды уюштуруучулардын жана катышуучулардын жоопкерчилигин күчөтүү болуп саналат.

Талкуу маалында депутаттар жашыруун кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү иштери менен күрөшүү маселелерине токтолуп, жарандарды мындай оюндардын терс кесепеттеринен коргоо максатында укуктук механизмдерди жана көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгилешти.

Муну менен катар депутат Эльвира Сурабалдиева вебкам студияларынын жайылып кетишине тынчсыздануусун билдирип, бул виртуалдык аянтчалар сойкулуктун, мыйзамсыз жана моралдык жактан туура эмес иш-аракеттердин бир түрү экенин белгилеп, бул көрүнүш менен активдүү күрөшүүгө чакырды.

Ал эми эл өкүлү Гуля Кожокулова белгилегендей, жашыруун оюндар олуттуу коомдук көйгөй экенин жүйө келтирип, аны алдын алуу үчүн катуу чараларды көрүүнү сунуштады. Тагыраагы, мыйзамсыз кумар оюндары менен натыйжалуу күрөшүү үчүн жөн гана административдик эмес, кылмыш жоопкерчилигин киргизүү керек деп эсептейт.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>