Камчыбек Ташиев “Батуми” кафесинин ээси менен жолукту

Камчыбек Ташиев “Батуми” кафесинин ээси менен жолукту

Бүгүн, 25-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкек шаарында жайгашкан “Батуми” тамактануучу жайынын мыйзамсыз бузулушу тууралуу, өз жеринен барып таанышып келди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, “Батуми” кафесинин ээси Кадича Бечелова, УКМК төрагасына аларга расмий эскертүү берилбегенин, буздуруу боюнча сот чечими жоктугун айтты.

УКМК төрагасы тийиштүү мекемелердин кызматкерлерине аталган иштин чоо-жайын толук аныктап, мыйзам чегинде кайрадан карап чыгууну, эгерде бузуу мыйзамсыз болсо күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды.

Мындан тышкары Ташиев кандай гана жагдай болбосун, өзгөчө жөнөкөй жарандар мыйзамсыз түрдө жабыркап калбашы керектигин эскертти.

Эске салсак, кечээ Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндөгү жалпы аянты 1300 чарчы мертди түзгөн “Батуми” кафеси мэрия тарабынан буздурулган. Жеринде мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев иш алып барып, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын бузуу бөлүгүнүн жумушчулары иштеген.

Белгилей кетсек, «Эстоунд» ЖЧКсынын жер тилкелерине ижарага укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылган. Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну жана көзөмөлдөө башкармалыгына объектти бузуу тапшырмасы берилген.

Мекеменин өкүлдөрүнө 2023-жылдын 17-майында өз ыктыяры менен демонтаждоо тууралуу эскертүү берилген, бирок талап аткарылган эмес.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>