Конституциялык сотко аял судьялар шайланды

Конституциялык сотко аял судьялар шайланды

Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Конституциялык соттун судьялыгына Лунара Жолдошева жана Чынара Айдарбекованын талапкерлиги жактырылды.

Депутаттар добуш берип, шайлангандан кийин Лунара Жолдошева жана Чынара Айдарбекова ант беришти.

Алардын талапкерлиги президент Садыр Жапаров тарабынан сунушталган.

Чынары Айдарбекова — «Ист-Вест менеджмент институтунун» Кыргызстандагы филиалынын укук булагы долбоорунун сот системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча программасынын жетекчиси, мурда Жогорку соттун Конституциялык палатасынын соту болгон.

Ал эми Лунара Жолдошева — «Улуттук медиация борбору» коомдук бирикмесинин юристи. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынын катарында депутаттыкка талапкер болгон.

Эскерте кетсек, 6-декабрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети Лунара Жолдошбекова жана Чынара Айдарбекованын талапкерлигин жактырган.

ЖК комитети Конституциялык сотко эки аялдын талапкерлигин жактырды

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>