Айнура Сагын дүйнөдөгү 100 таасирдүү аялдын катарына кирди

Айнура Сагын дүйнөдөгү 100 таасирдүү аялдын катарына кирди

Кыргызстандык Айнура Сагын BBC түзгөн дүйнөдөгү 100 таасирдүү жана шык берүүчү аялдын тизмесине кирди.

Аталган тизмеге дүйнөдөгү таанымал ырчылар Алла Пугачева, Билли Айлиш, Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жубайы Елена Зеленская, Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана башка ырчы, актриса, спортчу, саясатчы, укук коргоочу, активисттер кирген.

«Компьютердик инженер, экофеминист жана стартаптын башкы директору болгон Айнура Сагын өз жөндөмүн экологиялык көйгөйлөрдүн технологиялык чечимдерин табууга жумшап келет. Ал түзгөн Tazar тиркемеси таштанды «өндүрүүчүлөр» – үй чарба, жеке адамдар, ресторан, фабрикалар менен таштандыны кайра иштетүүчүлөрдү байланыштырып турат. Тиркеме таштанды жайына ыргытылуучу таштандылардын санын кыскартууга, натыйжасында Борбор Азия өлкөлөрүндө туруктуу өнүгүүнүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, ал Кыргызстандын ар кайсы аймактарындагы мектеп окуучуларына программалоо боюнча семинар өткөрүп келе жатканы белгиленген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>