УКМК контрабандалык жүк ташыган эки унааны конфискациялады

УКМК контрабандалык жүк ташыган эки унааны конфискациялады

УКМК контрабандага каршы күрөштүн алкагында 2 унааны конфискациялады.

Маалыматка караганда, 26-апрелде Кызыл-Кыя шаардык сотунун чечими менен 2022-жылдын ноябрь айында 1 млн 248 миң сомдук дары-дармек түрүндөгү контрабандалык жүк ташып бараткан Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа мамлекеттин эсебине алынган.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 19-майында Кадамжай райондук сотунун чечими менен 2023-жылдын март айында 599 миң сомдук күйүүчү-майлоочу май түрүндөгү контрабандалык жүк ташыган КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа мамлекеттин эсебине конфискацияланган.

Мындан тышкары, буга чейин да контрабанда ишине пайдалангандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалган Mercedes-Benz Actros жана Hyndai Porter үлгүсүндөгү 2 унаа боюнча материалдар Баткен облусунун сот органдарында каралып жатат.

УКМК контрабанда ишмердүүлүгү КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылып, ага катышкандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>