Дүйнөдөгү эң бай адам үйлөндү

Дүйнөдөгү эң бай адам үйлөндү

Amazon компаниясынын негиздөөчүсү, 59 жаштагы америкалык миллиардер Жефф Безос менен анын сүйүктүүсү, 53 жаштагы телеалпаруучу Лорен Санчестин нике кыйганы белгилүү болду. Бул тууралуу CNN жана башка ЖМКлар маалымдашты.

Жефф Безос сүйүктүүсүнө 2,5 миллион долларга бааланган салмагы 20 карат бриллиант нике шакегин белек кылган. Азырынча Безос менен Санчестин үлпөт тоюу тууралуу эч нерсе белгисиз.

Жефф Безос дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири деп эсептелет. Байлыгы боюнча ал Louis Vuitton Moët, Hennessy компаниясынын президенти Бернард Арно менен Tesla жана SpaceXтин негиздөөчүсү Илон Масктан кийинки эле үчүнчү орунда турат.

Узак убакыт бою Безос Форбстун миллиардерлер тизмесинде биринчи орунду ээлеп келген, биринчи жубайы менен ажырашкандан кийин, мүлкүнүн бир бөлүгү ага өткөндө ал тизменин сап башынан түшкөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>